Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунда жумуш сапары менен болду. Анда ал Ош шаарын өнүктүрүү программасы жана борбордук көчөлөрдөгү транспорттук тыгындарды жоюу максатында иштелип чыккан унаа жолдорун куруу долбоору менен таанышты.
Ошондой эле шаар тургундарынын негизги көйгөйү болгон ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча долбоорду көрдү. Аны менен бирге Акылбек Жапаров Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту.