Жаңылыктар
ЖК: Өзбекстанга кыргыз жарандарын кайтарып берүү боюнча кайрылуу жолдонот
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК: Өзбекстанга кыргыз жарандарын кайтарып берүү боюнча кайрылуу жолдонот

Жогорку Кеңеш Өзбекстандын Олий Мажлисине, Кыргызстандын төрт жаранын бошотуп, кайтарып берүү боюнча кайрылуу жолдойт. Бул тууралуу парламенттин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Фракция Үнкүр-Тоо маселесинин айланасындагы абалды жабык эшик артында талкуулап, бул багытта өкмөттүн көрүп жаткан аракеттери боюнча маалымат алды. Чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Өзбекстан тарап теле жана радио берүү станциясынын төрт кызматкерин дагы эле Наманган райондук ички иштер башкармалыгы кармап турганын жана аларга жиберилген адвокаттарды өзбек тарап жолотпой жатканын билдирди. 

Төрөбаев төрт жаранды бошотуу боюнча аракеттер - жамааттык коопсуздук келишим уюму, КМШ жана эки өлкөнүн ортосундагы келишимдердин алкагында чечилиши керек деген ойдо. Фракция лидери чек арада кырдаал курч экенин айтып, бул маселени чечүүдө этият болуу зарылдыгын белгиледи.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118