Жаңылыктар
Этникалык кыргыздарга паспорт алуу жеңилдеди
Кыргызстан жаңылыктары
Этникалык кыргыздарга паспорт алуу жеңилдеди

Этникалык кыргыздарга жалпы жарандык паспорт алуу шарттары жеңилдеди. Президенттин жарлыгынын негизинде Ош, Жалал-Абад жана Чүйдө жашаган этникалык кыргыздар эми ашыкча документтерсиз эле кыргыз жарандыгын тастыктаган паспорт ала алышат. Бүгүн Чүй облусунда жашаган этникалык кыргыздар үчүн атайын мобилдик топ иштеп Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү документи жок жарандардын көйгөлөрүн укту.