Жаңылыктар
"Алтын Казык" жогорку чыңалуудагы көмөк чордону ишке кирди (видео)
Кыргызстан жаңылыктары
"Алтын Казык" жогорку чыңалуудагы көмөк чордону ишке кирди (видео)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда, Бишкек шаарынын четиндеги 110/10 кВ "Алтын Казык" жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысына "Алтын Казык" көмөк чордонунун курулуш долбоору жөнүндө маалымат берилип, андан соң ал анын иштөө тартиби жана башкаруу тутуму менен таанышты.


“Алтын Казык” жаңы көмөк чордону Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек, Нургожо-Ата, Мурас-Ордо жаңы конуштарында жашаган керектөөчүлөрдү жана бул аймакта жайгашкан өндүрүш жана соода объектилерин электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртат. Ошондой эле, жаңы көмөк чордон 220/110/35/10 кВ учурдагы "Главная", "Тепличная", "Карагачевая", "Нижняя Ала-Арча" көмөк чордондорундагы жүктөмдү азайтат. 


Кубаттуулугу 10 мВт. Мамлекет башчысы өз сөзүндө, борборго жанаша жайгашкан жаңы конуштардагы турак жай документтерин мыйзамдаштырып берүү жана алардын инфратүзүмүн ыңгайлаштыруу маселелери жандуу чечилип баштаганын айтты. Ушул сыяктуу эле иш-аракеттер жакындан бери Бишкектин 2-жылуулук электр борборунун айланасындагы Ак-Ордо жана Ала-Тоо-3 конуштарында башталганын эске салып, бул сыяктуу көйгөйлөр көптөн бери чечилбей келгенин кошумчалады.