Жаңылыктар
"Түндүк электр" ишканасынын базасында байланыш борбору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Түндүк электр" ишканасынын базасында байланыш борбору ачылды

Борбордун операторлору абонеттердин чалууларын күнү-түнү көп канал аркылуу кабыл алат. Өз кезегинде жарандар электр энергиянын өчүшүнүн себептери тууралуу маалымат алып, көйгөйүн айтып же кеңеш ала алышат.

Жаңы байланыш борбору энергетиктер күнү расмий ачылды. Аралыктан тейлөөнүн максаты абоненттерден келген чалууларды, кайрылууларды жана даттанууларды кабыл алууну жакшыртуу жана аны иштеп чыгуу, талдап, көзөмөлдөө жана аткарылып жаткан иштердин сапатын жакшыртуу. Белгилей кетсек буга чейин Колл-борбор жеке компания тарабынан иштетилип, ал үчүн “Түндүк электр” ишканасы каражат төлөп келген. Эми мамлекеттик ишкана өзүнүн байланыш борборуна ээ болду.

Жаңы байланыш борбору Чүй, Талас облустарын жана Бишкек шаарын тейлеп күнү-түнү иштейт. Электр энергиясынын керектөөчүлөрү кайсы убакыт болсо да жаралган суроолор боюнча кайрыла алат.