Жаңылыктар
Өлкөнүн коомдук-экономикалык өнүгүүсү боюнча иш жыйынтыгы
Экономика
Өлкөнүн коомдук-экономикалык өнүгүүсү боюнча иш жыйынтыгы

Экономика жана коммерция министрлиги он ай ичинде өлкөнүн коомдук-экономикалык өнүгүү боюнча иш жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, акыркы жылдардан бери өлкө алгачкы ирет бюджеттин профицити менен чыгат. Ал эми республикалык казынанын кирешеси 164 млрд сомду түзгөн.

Жыл ичинде кабыл алынган ыкчам иш-чаралардын жана өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программаларын ишке ашыруунун натыйжасында экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүү процесси жүрүп жатат. 2021-жылдын 10 айында экономикалык өсүштүн оң тенденциясы байкалып, натыйжада ички дүң өндүрүмдүн реалдуу өсүшү 1,6% оң деңгээлге жетти, «Кумтөр» кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда ИДӨнын өсүшү 4,1%ды түздү.