Эртең, 23-декабрда, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарынын биринчи жыйыны болот. Төш белгилерди жана күбөлүктөрдү салтанаттуу тапшыруу аземинен кийин 86 депутат ишке киришет. Саясий серепчилер белгилегендей, жаңы системадагы шайлоолор мыйзам чыгаруу органындагы эл өкүлдөрүнүн 70 пайызын жаңылоого мүмкүндүк берди.
Парламенттин бул чакырылышына жаңы көз караштагы күчтүү лидерлер ошол эле учурда тажрыйбалуулары да келишти. Арасында жаш активисттер, мурдагы аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер, маданият өкүлдөрү жана мурдагы чакырылышта депутат болгондор бар.
Конституцияга ылайык, азыр парламент 120 эмес, 90 депутаттан турат. Жаңы парламентке элдин үмүтү чоң, ошондуктан зор жоопкерчилик артылууда. Ириде мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн сапатын жана натыйжалуулугун арттыруу зарыл. Мында мурунку чакырылыштагы тажрыйбалуу эл өкүлдөрү жөндөмдүүлүгүн көрсөтүшү керек - дейт серепчилер.