"Баластан" телеканалында "Аяз атага кат" долбооруна каттарды кабыл алуу жыйынтыкталды. Учурда келген каттар окулуп, өзгөчөлөнгөн бөбөктөргө белектер даярдалууда. Долбоорго өлкөнүн бардык облустарынан жеткинчектер катыша алды.
"Аяз атага кат" долбоору балдардын жаңы жылдык кыялын орундатуу үчүн башталган. Аз убакыттын ичинде эле өлкөнүн жети дубанынан миңге чукул баладан кат келип түштү.
Долбоор ноябрь айында башталып, 10-декабрда аяктады. Бирок бүгүнкү күнгө чейин каттар каттоого алынып, кайрылган бөбөктөргө көмөк көрсөтүлө баштады. Уюштуруучулар ар бир каттын ээси жоопсуз калбаарын билдирди.