Жаңылыктар
Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды
Кырсык
Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп кабарлайт ӨКМдин маалымат кызматы. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 22-декабрда катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. 

Силкинүү Баткен районунун Кыштут айылында 2,5 балл, Тунук-Суу, Кан, Сай жана Тескей айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.