Жаңылыктар
Акын Өктөм Калыева 60 жылдык мааракесине карата Москвада концерт берди
Мекендештер
Акын Өктөм Калыева 60 жылдык мааракесине карата Москвада концерт берди

Композитор, акын Өктөм Калыева 60 жылдык мааракесине карата Москвада концерт берди. Чыгармачылык кечеге анын жолдошу, көптөгөн ырлардын автору, акын Атантай Акбаров колдоп барган.

Мукамдуу ырлар, жүрөк эргиткен саптар. Москвада акын, композитор, публицист Өктөм Калыева 60 жаш юбилейине арнап концерт берди. Жубайын акын, публицист Атантай Акбаров коштоп жүрдү. Кош жылдызды бекем үй-бүлөлүк байланыш гана эмес, биргелешкен чыгармачылык дагы байланыштырып турат. Алар куштун эки канатындай.