Жаңылыктар
Президент аткарылган иштер жөнүндө отчет берди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент аткарылган иштер жөнүндө отчет берди

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин жыйналышында 2020-жылдын 5-октябрынан тартып аткарылган иштер жөнүндө отчет берди. 

Мамлекет башчысы алгач 11-апрелде өткөн референдум тууралуу сөз кылды.

“Бүткүл элдик добуш менен Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынды. Ага ылайык аткаруу бийлигинин ишин жетектөө милдети толугу менен мага жүктөлгөн. Президенттин ыйгарым укуктарына ылайык Министрлер Кабинетинин жыйынына катышып, отчёт алууга жана элге кайрылууларды жасоого укуктуумун”, - деди Президент. 

Бүгүнкү жыйынды жалпы кыргызстандыктардын алдында аткаруу бийлигинин отчётун берүү деп эсептей турганын айтты. Жыл аяктап бара жатканын, аны менен бирге кылган иштеринин жыйынтыгы туурасында элге отчёт учур талабы экенине токтолду. “Өткөн жылы өлкөдөгү коомдук саясий абалдын маанисин терең түшүнүп, кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык иш-аракеттерди мыйзам менен чечип, укуктук талаага кайтарууга кадам жасадык.2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо жана референдум өтүп, Кыргызстан эли башкаруунун президенттик формасын тандап алды. Кыргызстандын эли өлкөнүн негизги мыйзамынын жаңы редакциясын –Конституцияны колдоого алды. Бардык иштер эң жогорку укуктук-ченемдик акт менен бекемделди”, - деди мамлекет башчысы.