Жаңылыктар
Криминалдык авторитет Кадырбек Досонов камакта калтырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Криминалдык авторитет Кадырбек Досонов камакта калтырылды

Башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга байланышкан оор кылмыштарды жасаган деп айыпталган криминалдык авторитет Кадырбек Досоновго карата тергөө иштери аяктады. 

Кылмыш иши Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна кароо үчүн жөнөтүлүп, анын чечими менен Досоновго карата баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылган. 

Ишти кароого төрагалык кылуучу алмашкандыгына байланыштуу, Досоновго карата мурда кабыл алынган чечим каралып, жасалган кылмыштардын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ээлеген абалын эске алуу менен анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө өзгөртүлдү.