Жаңылыктар
Экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү
Экономика
Экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү

“Экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү, бюджетти толтуруу – биринчи милдет болду”. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин жыйналышында 2020-жылдын 5-октябрынан тартып аткарылган иштер жөнүндө отчет берип жатып билдирди. Өткөн жылдын октябры – жылдын аягы болуп калгандыктан, 2020-жылы тезинен бюджетти толтуруу, социалдык милдеттерди аткаруу керек болгондугун айтты. 

“Ошондуктан 29-октябрда эч коркпостон – экономикалык амнистия жарыяладым. Андан кийин мамлекеттин эсебинен байыгандар менен катуу күрөш жүрдү. 2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин ачылган коррупциялык схемалар боюнча мамлекеттин кирешесине 8 млрд сомго жакын каражат жана мүлк түрүндө кайтарылды. Жогорку кызматтагы аткаминерлер, сот жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү камакка алынды, жоопкерчиликке тартылды”, - деди ал. 

Айтымында, коррупцияга каршы күрөш улантылат жана абдан күчөтүлөт. Экономиканы калыбына келтирүү үчүн айрыкча 2005 жана 2010-жылдагы элдик толкундоолордон кийинки рейдерлик баскынчылыкты болтурбоо үчүн башынан – менчикти коргоо, бизнести колдоо, ички жана тышкы инвестицияны сактоо негизги иши болгонун айтты. Президенттик кызматка киришери менен менчикти коргоо, ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо боюнча бир жылдын ичинде 1 эмес 4 жолу Жарлык чыгарганын айтты.