Жаңылыктар
Инвестициялык климатты жакшыртуу
Экономика
Инвестициялык климатты жакшыртуу

“Быйыл 2,5 млрд сом суммасында Кепилдик фонд кошумча капиталдаштырылды. Учурда анын уставдык капиталы 6,6 млрд сомду түздү”. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин жыйналышында сөз сүйлөп жатып билдирди. 

Айтымында, былтыр октябрдан кийин тез арада 2 млрд сомго кошумча капиталдаштырылып, пандемиядан жабыр тарткан ишкерлерди колдоого 10 пайыздык чени менен насыялар берилди. Күрөөсүз эле 3 млн сомго чейин насыя алууга мүмкүндүк түзүлдү. Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарабынан 1-июлдан баштап түздөн-түз каржылоо программасы боюнча жаңы насыялар бериле баштады. Мунун баары ишкерлерди колдоочу механизмдер. 

“Бирок бул да чек эмес. Ишкерлерге берилип жаткан жогорудагы жеңилдиктер алардын көмүскө экономикадан чыгуусуна сөзсүз түрткү болот деп ишенебиз.Тышкы инвестиция жаатында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстанга иш сапарлардын алкагында бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен эки тараптуу экономикалык форумдар болуп өттү. Быйыл дүйнөдө чет өлкөлүк тике инвестициялардын агымы 35%га кыскарганына карабастан, башка өлкөлөрдө кыскарып кетти да 3%га чейин, 2021-жылдын 9 айында бизде тышкы инвестиция 26,4%га көбөйүп, 503 млн долларды түздү, сом менен алганда 43 млрд сом тышкы инвестиция келди”,- деди ал.