Жаңылыктар
Айлык акыларды көтөрүү тууралуу
Кыргызстан жаңылыктары
Айлык акыларды көтөрүү тууралуу

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин жыйналышында сөз сүйлөп жатып айлык акыларды көтөрүү маселеси тууралуу айтып өттү.

Айтымында, Саламаттык сактоо, маданият системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы категориясына жараша 50 пайызга чейин жогорулатылды. Өткөн жылдагы Баткен окуяларынан кийин мамлекеттин коргоо жөндөмдүүлүгүн күчтөндүрүү зарылдыгы ачыкталды. Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында биринчи жолу мамлекет өз каражатына ок өтпөс унааларды, тик учактарды, пилотсуз учактарды ж.б. аскер техникаларды сатып алды. Булар менен бирге бир катар күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлыктары жогорулатылды.

“Мисалы, улук офицерлер мурда 25 миң сомдун тегерегинде айлык алса, эми алар 37-40 миңдин тегерегинде алып калышты. Буюрса, бюджетти жакшы көтөрүп алсак, апрель айынан баштап дагы башка тармактарды, мугалимдерден баштап баарынын айлыктары дагы көтөрүлөт”, - деди Жапаров.