Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Конья шаарында жашап жана окуган Кыргызстан жарандары менен жолугушту.
Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Коньяга болгон акыркы жумуш сапарынын жыйынтыгын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын Конья шаарында жашоосу жана кыргыз диаспорасынын бирикмесин ал шаарда расмий каттоодон өткөрүп ачуу боюнча Конья бийлиги менен макулдашылган маселелерди талкуулашты.