Жаңылыктар
КР Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагы жыйынтыкталды
Маданият
КР Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн республикалык жаш манасчылардын кароо-сынагы жыйынтыкталды

200 катышуучунун ичинен 26 жеңүүчү тандалып, аларга акчалай сыйлык, баалуу белек, Саякбай Каралаевдин толук "Манас" үчилтиги, Жусуп Мамайдын толук 8 илтик китептери, Манас дептери, медаль, диплом тапшырылды. Өзгөчө айткан кыздарга баалуу зер-буюмдар да берилди.

Ал эми калган катышуучулардын бардыгына тең белектер берилип, дипломдор ыйгарылды.

Белгилүү манасчылар калыстык кылышып, жаш Манас айтуучуларга өз насааттарын айтышты.

Колдоо көрсөткөндөр Улуттук Маданий Борбор жана мамлекеттик "Манас" театры.