Жаңылыктар
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында абал туруктуу
Чек ара
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында абал туруктуу

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, түн тынч өтүп чыр-чатак катталган жок. Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөөдө. Эскерте кетсек, 25-декабрда болжол менен саат 14:30 чамасында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сай жерлигинин тушундагы такталбаган аймакта Тажикстандын чек арачылары өздөрүнүн аймагындагы постко миномет орнотушкан. Кыргызстандын Максат жана Дамба айылдарынын тушунда Тажикстандын аймагында кошумча тажик аскер кызматкерлеринин пайда болуусу байкалган. Кечке жуук саат 19:40 чамасында Ош - Баткен - Исфана унаа жолунун аймагындагы Көк-Таш айылынын Эки-Таш жерлигинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жарандарынын болжол менен 4 унаасын ташбараңга алышкан. Жыйынтыгында унааларга зыян келтирилген, Кыргызстандын жарандары жабыркаган эмес. Чыр-чатак орун алган жерге Кыргызстандын Көк-Таш чек ара заставасынын башчысы келип, эскертүү иретинде 3 жолу асманга ок аткандан кийин Тажикстандын жарандары өздөрүнүн аймагына качып кирип кетишкен. Чыр-чатак орун алгандан кийин дароо эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара застава башчылары кырдаалды жөнгө салуу жана кошумча чек ара кезметтерин коюу максатында жолугушкан. Тажик тарап өз учурунда чыр-чатакка тиешеси бар адамдарды издөө жүргүзөрүн билдирди.