Жаңылыктар
Этникалык кыргыздарга паспорт берүү жөнөкөйлөштүрүлөт
УТРК жаңылыктары
Этникалык кыргыздарга паспорт берүү жөнөкөйлөштүрүлөт

Этникалык кыргыздарды кабыл алуу шарттарын жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоору сунушталды. Документти Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги демилгелеп, коомдук талкууга койду.

Долбоордун максаты — Кыргызстанда жашаган этникалык кыргыздарды колдоо саясатын жакшыртуу, кайрылман макамын алууда тоскоолдуктарды жоюу. Ошондой эле кайрылмандардын жана этникалык кыргыздардын каттоо системасындагы көйгөйлөрүн чечүү, көчүп келүүчү кыргыздарды кабыл алуу шарттарын жана аларды легалдаштырууну өркүндөтүү. Анын алкагында "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" мыйзам өзгөртүлөт.

"Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздардын интеграция маселесинде кайрылман макамына ээ болуу башкы ролду ойнойт. Андыктан сунушталган мыйзам долбоорун тез арада кабыл алуу максатка ылайык келет", — деп жазылган документте. 

Учурда расмий эмес эксперттик маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда таптакыр паспорту жок, мурда жашаган өлкөсүнүн паспортун алып, бирок мөөнөтү өтүп кеткен, жоготкон, жалпы жонунан өздүгүн аныктоочу документи жок он миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт. Эреже боюнча, бул категориядагы адамдар кайрылман ырастамасын же жарандык алуу үчүн кайрыла алышпайт. Анткени тиешелүү мамлекеттик органдар паспорт талап кылышат.