Жаңылыктар
Ташкент Каримованын тоңдурулган каражаттарын кайтаруу аракетин көрүүдө
Дүйнө
Ташкент Каримованын тоңдурулган каражаттарын кайтаруу аракетин көрүүдө

Швейцариянын федералдык кылмыш соту Өзбекстандын муркум президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова бенефициары (негизги пайда алуучусу) болуп эсептелген Takilant Ltd. компаниясына таандык 293 миллион доллардан ашык каражатты конфискация кылуу чечимин кабыл алды.

Бул чечим боюнча Өзбекстандын Юстиция министрлиги билдирүү жасап, мындай жол менен сот "аталган сумманы Өзбекстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга мүмкүндүк ачып жатканын" белгиледи.

"Ошол эле маалда соттун чечимине ылайык, 70 миллион долларга жакын каражат кайра эле Takilant Ltd компаниясына кайтарылып берилиши мүмкүн. Мындан тышкары Федералдык кылмыш сотунун чечими акыркы чечим эмес. Ал боюнча даттануулар да болушу ыктымал", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Takilant Ltd Гибралтарда катталган компания. Анын учурда кылмыш иштери боюнча иликтенип жаткан Швейцария банктарындагы беш эсептин экөө менен байланышы болгон. Акыркы сот чечими менен компаниянын конфискацияланган каражатынын жалпы суммасы 350 миллион доллардан ашты.

Swissinfo басылмасынын маалыматына караганда, соттун мындай чечим кабыл алуусуна бул ишке тиешеси бар бир нече адамдын, анын ичинде Гүлнара Каримова менен анын жардамчысынын акча адалдоого күнөөлүү деп табылганы себеп болгон.

Бирок сот чечимине ылайык, 70 миллион долларга жакын каражат Takilant Ltd компаниясына кайра кайтарылып берилет. Анткени тергөөнүнүн жүрүшүндө бир нече компанияга таандык бул активдердин баары кылмыштуу жол менен табылганы аныкталган эмес.

Каримованын адвокаттары соттун мындай чечимин жарым-жартылай жеңиш деп эсептешүүдө. Бул тууралуу Каримованын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжинин шаршемби күнү Swiss Telegraphic Agency басылмасына жөнөткөн катында жазылган.

"Бул өкүм биринчи кезекте Каримованын Өзбекстанда негизсиз кармалганынан пайдаланып, анын бардык активдерин конфискация кылууга аракет кылган Федералдык прокуратуранын иши оңунан чыкпай калганын билдирет. Бул сумманын кыйла бөлүгү Каримовага кайра кайтарылып берилиш керек", - деп жазылган катта.

Анын айтымында, Өзбекстанда Каримованын негизги укуктары бузулбаганын далилдөө мүмкүн эмес экендигине байланыштуу сот өзбек тараптын өкүмдөрүнүн баарын да четке каккан.

2020-жылы мартта Ташкенттин кылмыш иштери боюнча шаардык соту Гүлнара Каримованы 13 жыл 4 айга эркинен ажыраткан. Ал "Кылмыштуу топ түзүү", "Акча кымыруу" жана "Кылмыштуу жол менен алынган каражатты адалдоо" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Каримова 2019-жылдын жазынан бери Ташкент облусунун Зангиата районундагы №21 аялдар абагында жазасын өтөп жатат.