Жаңылыктар
Таластагы окуучулар мамлекет башчысынын белектерин алышты
Аймак
Таластагы окуучулар мамлекет башчысынын белектерин алышты

Таластагы окуучулар мамлекет башчысынын белектерин алышты. Президенттин облустагы ыйгарымдуу өкүлү белекти салтанаттуу тапшырды.

Облус башчысынын кабылдамасында майрамдык маанайда, салтанаттуу кийимдерди кийип, толкунданып турган белек ээлери Бакай-Ата, Кара-Буура райондорунан келишкен.
Аларды ата-энеси коштоп жүрөт.

Облус жетекчиси конокторго мамлекет башчысынын Кыргызстандын балдарынын келечегин жаркын кылууга багытталган программа, жарлыктары менен учкай тааныштырды. Облуста жакынкы арада мектеп, бала бакчалардын курулушу башталат. Андан кийин көздөрүнөн үмүт жанып, толкунданган балдарга Президенттин аманат белектери тапшырылды.