Жаңылыктар
Мамлекет башчысы баштап берген саамалык уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекет башчысы баштап берген саамалык уланууда

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев өзүнүн Бишкек шаарындагы эки батирин Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берди. Ал муну жаңы жылдын алдында турак жайга муктаж болгон бюджеттик мекемелерде иштеген мекендештерге колдоо катары берип жатканын билдирди. Эми ал үйлөр ипотекалык компания тарабынан тендердин негизинде баасы аныкталып, тизмеде кезекте турган кызматкерлерге берилет.