Жаңылыктар
Нарында жаңы мектеп ишке кирди
Аймак
Нарында жаңы мектеп ишке кирди

Нарындын Кеңеш айылында 150 орунга ылайыкталган мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Анын курулушуна мамлекеттен 57 миллион сом сарпталды. 2 кабаттуу заманбап салынган билимканада окуучу жана мугалимдер үчүн бардык шарттар каралган. Мындан тышкары райондо дагы 3 мектептин курулушу башталган.