Жаңылыктар
Ottawan тобу кыргыздын улуттук аспаптары менен сахнага чыгууну көздөшөт
Маданият
Ottawan тобу кыргыздын улуттук аспаптары менен сахнага чыгууну көздөшөт

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине катышуу үчүн бүгүн эртең менен Бишкекке Франциядан Ottawan тобу учуп келди. “Манас” аэропортунан аларды журналисттер менен күйөрмандары тосуп алышты.

Дуэттин солисти Патрик Селестин мындай ири масштабдагы иш-чарада өнөрүн тартуулап жатканына ыраазы экенин айтты. Айта кетсек Ottawan тобу Кыргызстанга экинчи ирээт келип жатат. Былтыр дагы Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө өткөн иш-чарага келип, өнөрлөрүн тартуулашкан. 

Бул ирет Франциянын белгилүү тобу кыргыздын улуттук аспабынын коштоосу менен сахнага чыгууну көздөп жатат. Патрик Селестин ошондой эле жабылуу аземинде көрүнүктүү делген 5 ырын ырдайт. Бул жолку сапарында ал Кыргызстандын ажайып кооз жерлерине суктанып, чер жазып эс ала кетсем деп пландоодо.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118