Жаңылыктар
Бишкектеги "ОСКО" мөмө-жемиштерди кургатуучу ишканада жаңы жабдык ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги "ОСКО" мөмө-жемиштерди кургатуучу ишканада жаңы жабдык ишке кирди

Бишкектеги "ОСКО" деп аталган мөмө-жемиштерди кургатуучу ишканада жаңы жабдык ишке кирди. Аны алууга Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каражат бөлгөн. Буга чейин ички рынок менен кошо экспортко чыгып жаткан кургатылган жемиштердин өндүрүмү эки эсеге жогорулайт.

Мөмө-жемиштерди кургатуучу ишканада Назира бир топ жылдан бери иштейт. Күн сайын 6-7 кг кургак мөмө-жемишти тазалап, куурап калган сабактарынан ажыратып чыгат. Кыш жакындап, мөмө-жемиштер калбаган үчүн учурда ишканада кулпунайды кургатуу менен алектенишсе, мезгил жетип мөмөнүн бардык түрүн кургатууга өтүшөт.