Жаңылыктар
Ысык-Көл: Калкты жумуш орду менен камсыздоо
Аймак
Ысык-Көл: Калкты жумуш орду менен камсыздоо

Ысык-Көл облусунда айыл элин жумуш менен камсыз кылуу маселеси быйыл биринчи орунга чыкты. Облуста жалпы жонунан 30 га чукул ишкана ачылып, миңге жакын адам жумуш орду менен камсыз болду. Алардын көбү жеңил өнөр жай тармагына байланыштуу. Баарынан да канча жылдан бери айылда жумушсуз отурган кыз-келиндердин кубанычы чексиз.