Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттар ант беришти
Шайлоо 2023
Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттар ант беришти

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 депутат келет. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында "баарына каршы" добуш бергендер көп болгондуктан келерки жылдын 27-февралына кайра шайлоо дайындалды. 

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы система менен өттү. Азыркы 120 мандаттын ордуна эми парламентте 90 мандат болот. Алардын 54ү партия менен, 36сы бир мандаттуу округдардан.