Элдин үнү бийликке жетип, көп жылдан бери келе жаткан көйгөй чечиле баштады. Миңдеген үй-бүлөнүн жүрөгүн өйүгөн маселеге жакында чекит коюлат.
Президент Садыр Жапаров 25-декабрда өткөн Минитрлер Кабинетинин жыйналышында, саясий эрк көрсөтүлүп, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынып, үй-жайсыз калуу алдында турган 10 миңдеген жарандардын маселеси чечилип жатканына токтолду.