Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы бүгүн расмий ишине киришти
Саясат
 Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы бүгүн расмий ишине киришти

Жаңы шайланып келген депутаттар ант берип, Борбордук шайлоо комиссиясы 87 эл өкүлүнө күбөлүк жана төш белги тапшырды. 

Шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланып, андан кийин соттук териштирүүлөргө чекит коюлуп, акыры мандат тапшыруу күнү да келди. Жаңы шайланып келген эл өкүлдөрү үчүн гимнди жандуу үн менен аткарууга аскердик оркестр да аспаптары менен келип калышты. Тизилип турган төш белгилер менен күбөлүктөр. Ага чейин депутаттарга иш бөлмөлөрү тапшырылыптыр.