Өлкөдө менчикти коргоого, ишкерлерди, инвесторлорду колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Маселен, экономиканы калыбына келтирүү үчүн Президент Садыр Жапаров төрт Жарлык чыгарды.
Натыйжада камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жумушчунун санына жараша кыскарып, жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго чейинки ишкерлер салыктан бошотулуп жатат. Бизнести текшерүүгө тыюу салууну узартуу, мамлекеттик банктардын уставдык капиталын көбөйтүү аракети көрүлдү.