Жаңылыктар
Өрттөн жабыркаган Калбай кызы Кызбурак ооруканадан чыкты
Кырсык
Өрттөн жабыркаган Калбай кызы Кызбурак ооруканадан чыкты

Москвадагы басмакананын кампасынан чыккан өрттөн жабыркаган Калбай кызы Кызбурак Склифосовский атындагы Москва шаардык күйүк борборунан чыкты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты. 1-сентябрда ал жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулган. Дарыгерлер анын ден соолугу канааттандыраарлык деп баалап жатат. 

Элчиликтин жардамы менен Калбай кызы Кызбурак жакында Бишкекке учуп кеткен. Эске сала кетсек, 27-августта Москвадагы басмаканадан чыккан өрттөн 17 киши каза болгон. Анын 14ү Кыргызстандын жараны, үчөө Орусиянын атуулдары. Мындан тышкары дагы үч мекендешибиз жабыр тарткан.

 Исраил уулу Уларбекти окуя болгон соң туугандары Кыргызстанга алып кеткен. Ал эми Нурмухамед Кадыржанов сентябрь айынан башында ооруканадан чыккан.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118