“Төшөгүбүзгө жараша бутубузду сунуп, элдин акчасын үнөмдөйлү". Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында ушундай билдирүү калтырып, парламенттин жана президенттин иш башкармалыгын кайра өзүнчө бөлүү маселеси боюнча пикирин билдирди. Мындай чечим буга чейин ашыкча чыгымдарды азайтып, бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында кабыл алынганын белгиледи.