Жаңылыктар
Бир катар мамлекеттердин башчылары Президент Садыр Жапаровду жана жалпы кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттукташты
Саясат
Бир катар мамлекеттердин башчылары Президент Садыр Жапаровду жана жалпы кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттукташты

Бир катар мамлекеттердин башчылары Президент Садыр Жапаровду жана жалпы кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттукташты. Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Польша, Венгрия баштаган өлкөлөрдүн лидерлери келе жаткан  жылда кыргыз элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалап, эки тараптуу мамилелердин  мындан ары дагы бекемделишине ишеним артышкан.

Эң биринчилерден болуп Президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин куттуктады. Өз телеграммасында орус президенти өткөн жылы орус-кыргыз мамилелеринин оң динамикасын белгилеген. Анын ичинен соода-экономика, гуманитардык жана аймактар аралык байланыштар, коронавирус пандемиясына каршы күрөштө күч-аракеттерди бириктирүү каралган. Владимир Путин Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.
 
Ошондой эле куттуктоо телеграммасын, Орусия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин да жолдогон. Ал Президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктап, өткөн жылдагы кызматташтык алакалары туруктуу өнүккөнүн, ал эми 2022-жыл өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык комплексин өстүрүү жана келечектүү демилгелерди баштоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деген ишничин билдирген.
 
Президентти коңшу өлкө лидерлеринин бардыгы куттукташты. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктоо менен бирге, боордош Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн бардык максаттардын ишке ашуусун каалады.
 
Куттуктоо катын Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев да жолдоп, анда “Келе жаткан 2022-жыл менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Сизге, үй-бүлөңүзгө жана жакындарыңызга чың ден соолук, түгөнгүс энергия жана бакубатчылык каалайм. Жаңы жыл өлкөңүздүн элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтүү жана жемиштүү болсун”, - деп айтылат.
 
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев куттуктоо телеграммасында, өзбек лидери эки коңшу элдин жалпы баалуулуктарына жана жалпы салттарга, көп кылымдык боордоштук мамилелерге жана жакшы коңшулук принциптерине токтолуп, достук мамилелер акыркы жылдары бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча жигердүү өнүгүп жатканына кубанычта экенин билдирген. Ал 2021-жылы Кыргызстанда жүргүзүлгөн бир катар саясий жана парламенттик реформалар өлкөңүздүн өнүгүүсүн камсыз кылууда маанилүү кадамдар болуп калганын белгилеген жана ушул жылдын март айында Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапары эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыкты деген ишенимин билдирген.
 
Президент Садыр Жапаровду жана жалпы кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин куттуктады. Президент Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Жаңы жылы менен куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин билдирген куттуктоо катын жолдогон.
 
Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Мамлекет башчысына Жаңы жылда чын дилинен чыккан куттуктоолор жазылган катын жолдоду. Ал эми Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоо катында “Сизди кирип келген 2022-жылыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге бекем ден соолук, кубаныч жана бардык башталыштарда ийгилик, ал эми өлкөңүздүн элине - тынчтык, мындан аркы прогресс жана гүлдоп өнүгүүнү каалайм. Жаңы жыл бардыгыбызга бакыт жана бакубаттуулук алып келсин», - деп айтылган.
 
Бул жолу Венгриянын Президенти Янош Адер жана Премьер-министри Виктор Орбан Президент Садыр Жапаровду Жаңы жылы менен куттуктоолорунда Жаңы жыл тынчтыктын жана ийгиликтин жылы болушун каалашкан.
 
Президент Садыр Жапаровду, кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктаган каалоо тилектер Польшанын Президенти Анджей Дудадан да келди. Ал «Келе жаткан 2022-жыл бардык гүлдөп-өнүгүүнү жана мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү, ошондой эле эл аралык форумдардагы кызматташууну улантсын», - деген каалоо тилегин айткан.
 
Беларусь Президенти Александр Лукашенко жаңы жылга карата кеңири куттуктоо катын жолдоду. Анда Беларусь президенти эки тараптуу мамилелерди тең укуктуулук, урматтоо жана өз ара кызыкчылыктарды эске алуу духунда куруу менен биздин өлкөлөр конструктивдүү өнөктөштүктүн баа жеткис тажрыйбасын топтошту деп белгилеген. Александр Лукашенко Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана ой максаттардын ишке ашуусун, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
 
Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян Президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктап, келерки жылы эки өлкө ортосундагы конструктивдүү кызматташтык Армения менен Кыргызстан элдеринин жыргалчылыгы үчүн ар түрдүү тармактарда өнүгө берет деген ишеничин билдирди. Никол Пашинян Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
 
Бүгүн Даниянын Ханышасы, Норвегиянын Королу, Япониянын Премьер-министри жана Грузиянын Президенти өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана жалпы Кыргызстан элине Жаңы жылдык куттуктоо катын жолдошту.
 
Ал эми ЖККУнун баш катчысы Станислав Засьдын куттуктоосунда Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгында жана уюмдун 20 жылдыгынын алкагында мамлекеттер ортосундагы конструктивдүү кызматташтыкты тереңдетүү багыты улана берет деген ишенимин билдирди. Станислав Зась Садыр Жапаровго чың ден соолук жана жооптуу ишине ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.