Узап бараткан жыл саясий окуяларга бай болду. Анын соңку этабы жакында эле орун алган парламенттик шайлоо менен жыйынтыкталды. Алгач өлкөнүн башкаруу системасы өзгөртүлүп, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын тандоодон баштап, Президенттик шайлоо өттү.
Бул жыл көптөгөн саясий окуялар менен коштолду. Конституциялык реформа, шайлоолорго жыш болгон жыл 10-январда Президенттик шайлоо менен башталды. Натыйжада Садыр Жапаров добуш берүүчүлөрдүн 80 пайызынын колдоосу менен өлкө башына келди.
28-январда Улуттук филармонияда эл шайлаган Президенттин инаугурациясы өтүп, Садыр Жапаров Кыргызстандын элине ак кызмат кылууга ант берди. Президенттик кызматка киришкен Садыр Жапаров жаңы Кыргызстан кандай болорун белгилеген.
Жалпысынан Президент экономиканы көтөрүү, сыртта жүргөн мигранттарды алып келүү, тышкы саясаттын артыкчылыктарын белгилеген. Тарыхтын жаңы этабын жаратуунун алдында турганыбызды айткан өлкө башчысы тарыхтын жаңы барагын бирге жаратууга чакырган.
Жаңы Кыргызстандын өнүгүшүнө багытталган саясий-экономикалык программалардын, өкмөттүн алдына коюлган иш-чаралардын үстүнөн бекем көзөмөл кылып, жоопкерчилик алуу маанилүү эле. Себеби, 10 жылдай өкүм сүргөн парламенттик-президенттик башкарууда кимдин эмнеге жооптуу экени белгисиз болгон.
Мындан улам 11-апрелде жергиликтүү шайлоо менен чогуу өлкөнүн башкаруу системасын аныктаган референдум өттү. Жыйынтыгында шайлоочулардын 80 пайызы президенттик башкарууну колдошту.
Жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алынган Конституцияга Президент 5-майда кол койду. Себеби, 1993-жылдын дал ушул датасында эгемендик алган республиканын алгачкы Конституциясы кабыл алынган.
Андан кийин саясий окуялар жалаң шайлоолор менен улантылды. Апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын тандоо өтүп, мыйзамсыз аракеттер менен коштолгон Бишкек, Ош, Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыккан. Аталган калааларда кайра шайлоо июль айында өткөн.
Андан көп өтпөй парламенттик шайлоо дайындалды. Бул өнөктүк жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык аралаш система менен өттү. Элдин депуттарды азайтуу талабы аткарылып, бул ирет Жогорку Кеңешке 120 эмес, 90 депутат шайланды. Эң башкысы элдин эркин тандоосу орундалып, талапкерлердин ар бирин шайлоочу өзү тандап алды.
Президенттин эң башкы талаптары - административдик ресурс колдонбоо, добуш сатып алууну жок кылуу болду. Мыйзам бузган бир нече кызматкер жумушунан кол жууп, айрымдар катуу сөгүш алды. Шайлоону таза өткөрүүгө болгон катуу талап Парламентке кимдер өтөрүн көрсөттү. Бишкектин Биринчи май, Свердлов райондору боюнча 2 округда шайлоочулар баарына каршы добуш берип, тандоо кайра өтмөкчү. Бул жылдагы саясий реформалардын соңку этабы парламенттик шайлоо, эл өкүлдөрүнүн ант берүүсү менен жыйынтыкталып, Кыргызстан Борбор Азиядагы эң бир демократиялык принциптердин бардыгын бекем карманган өлкө бойдон калды.