Жаңылыктар
Москвадагы өрт чыккан басмакананын ээси камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Москвадагы өрт чыккан басмакананын ээси камакка алынды

Кыргызстандык 14 кыз өрттөн каза болгон Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасынын кожоюну Сергей Москвин камакка алынды. Москва шаардык Останкино соту шейшемби күнү аны камакка алуу боюнча чечим чыгарды. 

Эске сала кетсек, август айынын аягында Москвада да 17 кишинин өмүрүн жалмаган өрт чыгып, алардын 14ү Кыргызстандын, үчөө орусиянын атуулдары болгон. Өрт чыккан кырсыктан кийин Сергей Москвин кайда экенин таптырбай жүргөн. 

Кийин ага карата издөө жарыялангандан кийин, тергөө менен кызматташууну туура көрүп, өз ыктыяры менен милицияга келген. Ал эми өрт коопсуздугуна жооп берген басмакананын башкы инженери Антон Яцковдун кайда экендиги дагы эле белгисиз.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118