Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда Жаңы жыл майрамы тынч өттү
Аймак
Ысык-Көл облусунда Жаңы жыл майрамы тынч өттү

Ысык-Көл облусунда Жаңы жыл майрамы тынч өттү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

1-январга караган түнү коомдук коопсуздукту 700гө жакын милиция кызматкери жана ыктыярдуу элдик кошуундардын 100дөн ашуун өкүлү камсыздаган. "Облустун ички иштер бөлүмдөрүнүн нөөмөт бөлүкчөлөрүндө кылмыштар жана окуялар боюнча 19 билдирүү жана арыздар катталды. Жол кырсыгынын төрт фактысы катталган. Милиция кызматкерлеринин аракети менен мурда катталган төрт кылмыштын бети ачылды", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги Жаңы жылдык майрам күндөргө карата коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирген. "102" кызматы күнү-түнү иштеп, жарандардын кайрылууларын кабыл алууда.