Жаңылыктар
Караколдо 5-7-январь күндөрү эл аралык кышкы жарманке өтөт
Туризм
Караколдо 5-7-январь күндөрү эл аралык кышкы жарманке өтөт

Ысык-Көлдө эл аралык кышкы жарманке уюштурулат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "ART and COOL — KARAKOL" аталышындагы иш-чара 5-7-январь күндөрү өтөт.
Анда жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн, ошол аймактын тургундарынын колунан чыккан продукциялары, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери эс алуучуларга сунушталат. Андан сырткары, кышкы туризм боюнча сүрөт көргөзмө уюштурулуп, концерттик программа менен коштолору айтылды. Саамалык Каракол шаарынын 2022-жылы "Шериктештиктин маданий борбору" макамын алышына карата уюштурулууда.