Жаңылыктар
Бишкекте кайра шайлоодо талапкер болууну каалагандардын саны 13 адамга жетти
Шайлоо 2023
Бишкекте кайра шайлоодо талапкер болууну каалагандардын саны 13 адамга жетти

Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоодо талапкер болууну каалагандардын саны 13 адамга жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, Биринчи май шайлоо округунан жети адам, ал эми Свердлов округунан алты адам талапкер болууну көздөп жатат. 

Алардын арасында Биринчи май округунда мурдагы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева, адвокат Нурбек Токтакунов, шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов, Бишкектин мурдагы вице-мэри Руслан Акылбеков, мурдагы күч кызматкери Анвар Сартаев бар. 

Ал эми Свердлов округунан Бишкек мэринин мурдагы кеңешчиси Гуля Алмамбетова, жарандык активист Назгүл Жолдошева, дарыгер Муратбек Султанбеков жана башкалар арыз берген. 28-ноябрда өткөн шайлоодо бул округда шайлоого катышкан жарандар баарына каршы деп арбын добуш беришкен. Шайлоо мыйзамына ылайык БШК 27-февралда кайра шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алган.