Жаңылыктар
"Шамбала" тасмасы эл аралык кинофестивалда 7 номинацияны жеңип алды
Маданият
 "Шамбала" тасмасы эл аралык кинофестивалда 7 номинацияны жеңип алды

Режиссёр Артыкпай Сүйүндүков тарткан "Шамбала" тасмасы Иранда өткөн Moving Film эл аралык кинофестивалынан 7 номинацияны жеңип алды. Кинофестиваль 28-декабрдан 31-декабрга чейин өттү. Анда "Шамбала" тасмасы төмөнкү номинациялар боюнча сыйланды:

"Мыкты оператор" — Акжол Бекболотов, Мурат Алиев;

"Мыкты композитор" — Мурзали Жээнбаев;

"Мыкты үн режиссёр" — Бакыт Ниязалиев, Калыбек Шерниязов;

"Мыкты монтаж" — Наргиза Маматкулова, Караш Жанышов, Элдияр Мадаким;

"Мыкты грим" — Айгүл Кыдыралиева;

"Мыкты кийим" — Айгүл Кыдыралиева;

"Мыкты визуалдык эмгек" — Элдияр Мадаким, Изат Абдраимов.

"Шамбала" тасмасы дүйнөлүк залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Тасма буга чейин да "Оскар" сыйлыгынын "Мыкты чет элдик тасма" номинациясы боюнча узун тизмесине кирген. Орусиядагы беделдүү "Ника" сыйлыгын алган. Азия тасмаларынын дүйнөлүк фестивалында "Көрүүчүлөрдүн жактыруусу" номинациясы менен сыйланган. Мындан башка да бир катар сыйлыктарга жетишкен.