Жаңылыктар
ӨКМ кызматкери пауэрлифтинг боюнча Азия чемпионатында үчүнчү орунду жеңип алды
Спорт
ӨКМ кызматкери пауэрлифтинг боюнча Азия чемпионатында үчүнчү орунду жеңип алды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги кызматкери Айбек Мурзамитов пауэрлифтинг боюнча Азия чемпионатында үчүнчү орунду жеңип алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. 

Мелдеш Түркиянын Стамбул шаарында өттү. Ага Япония, Индия, Кытай, Иран, Ирак, Монголия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын спортчулары катышты. 

Коло медаль алган Мурзамитов ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен шаардык жана райондук бөлүмүнүн №31 кароол жетекчиси болуп иштейт, прапорщик наамы бар.