Жаңылыктар
Россияда кыргыз жарандары катышкан мушташ тууралуу
Кыргызстан жаңылыктары
Россияда кыргыз жарандары катышкан мушташ тууралуу

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Москвада 1-январдагы кыргыз жарандары катышкан мушташка байланыштуу окуяны териштирүү жана укуктук жардам берүү үчүн Ички иштер министрлигинин Текстильщик райондук бөлүмүнө барышкан. 

2-январда элчиликтин юристтеринин көмөгү менен кыргыз жаранына медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жалпы окуяга тиешеси бар делген 15 кыргыз жараны милиция бөлүмүнө алып келинген. 

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Элчилик кыргыз жарандары кимдер менен мушташканы жана чыр эмнеден чыкканы жөнүндө маалымат берген жок.