Жаңылыктар
Кыргызстанда кара металлдарды сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда кара металлдарды сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. 

Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Кабыл алынган чечимге ылайык, өлкөдөн кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, эритүү үчүн куймаларын Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынды. 

Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги тууралуу белгиленген тартипте кабарлоого тийиш.

Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине бул тууралуу маалымат берүүсү зарыл. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына кабыл алынган чечимде көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүүсү тапшырылды.