Жаңылыктар
Туризм - дүйнөдөгү эң кирешелүү тармактардын бири
Туризм
Туризм - дүйнөдөгү эң кирешелүү тармактардын бири

Туризм - дүйнөдөгү эң кирешелүү тармактардын бири. Андан жылына миллиондогон киреше тапкан мамлекеттер арбын. Кыргызстанда да туризм тармагы жыл өткөн сайын жолго коюлууда. Анын үстүнө өлкөнүн сырттан келген эле эмес ички туристтерди тарта турган жаратылышы кооз жана тарыхый жайлары көп. Соңку жылдары кышкы туризмди жайылтуу боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылууда.

Өлкөдө cоңку жылдары кышкы туризм салыштырмалуу акырындап өнүгүп келе жатат. Буга лыжа тепкендердин катары калыңдап, лыжа базалары иштеп жатканы далил.
Анын үстүнө жергиликтүү калктын кышкы туризмге болгон кызыгуусу артты. Президент Садыр Жапаров чет элдик туристтерди эс алууга жана лыжа тебүүгө чакырды. Социалдык тармактардагы баракчасында Мамлекет башчысы Кыргызстан – кышкы туризмдин өлкөсү деген видео жарыялады.