Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы карылар үйүндө жаңы жыл майрамына карата маданий кече өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарындагы карылар үйүндө жаңы жыл майрамына карата маданий кече өттү

Бишкек шаарындагы карылар үйүндө жашаган адамдарга жаңы жыл майрамына карата маданий кече уюштурулду. Уюштуруучулардын демилгеси менен өнөрпоздор концерттик программа тартуулап, жаңы жылы менен куттукташты. Маданият өкүлдөрүнүн айтымында, буга чейин мындай кече Чүй облусундагы "Манас" социалдык айылы" мекемесинде коюлган. Концерт эми башка мекемелерде да болот. Аталган мекемеде 60 жаштан 90 жашка чейинки адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашайт.