Жаңылыктар
Кышкы каникул. Улуттук тарых музейиндеги кызыктар
Маданият
Кышкы каникул. Улуттук тарых музейиндеги кызыктар

Дем алыш күндөрү Улуттук тарых музейи көрармандарды кабыл алууда. Кышкы каникулда жүргөн мектеп окуучуларынан баштап, шаардын коноктору, чет элдик жарандардан турган тарых сүйүүчүлөрдүн саны арбын. Анда бардык маалыматтар үч тилде жазылып, келгендерге мультимедиалык программанын негизинде маалыматтар айтылат. 

1926-жылы борбордук музей катары негизделип, 1936-жылы өз алдынча Мамлекеттик чөлкөм таануу музейи түзүлгөн. Кийинчерээк 1954-жылы Кыргыз ССР мамлекеттик тарых музейи катары түптөлүп, 1973-жылдан баштап, кызыктуу жаңы жана туруктуу экспозициялары ачылган. 3500 чарчы/метр аянтты ээлеген 45 залга байыркы палеолит доорунан баштап эгемендик доорго чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин миңдеген нускалары коюлган.