Жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон "Тазалык" ишканасынын кызматкеринин үй-бүлөсүнө 50 миң сом берилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын муниципалдык чарба башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя катталган жерге шаар мэри Айбек Жунушалиев өзү барды.
"Кырсык саат 8:00дө катталган. Каза болгон кызматкер атайын форма кийип ишин аткарып жүргөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, унаа оң рулдуу болгон жана аны аял киши башкарып бара жаткан. Ал катарлаш бара жаткан унааны озуп өтүп бара жатып, адамды байкабай калган", - деп айтылат маалыматта.
Калаа башчысы дем алыш күндөрү борбордук көчөлөргө “Тазалыктын” кызматкерлеринин чыгуусуна убактылуу чектөө киргизүүнү жана борбордук көчөлөрдү тазалоодо атайын техниканы колдонууну тапшырды. Эскерте кетсек, декабрь айында ушундай эле эки окуя катталып, анда кырсыктын кесепетинен "Тазалык" ишканасынын эки кызматкери жеринде каза болгон.