Жаңылыктар
Аксы районунда ирригациялык объектилер капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө
Аймак
Аксы районунда ирригациялык объектилер капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө

Аксы районунда бир катар ирригациялык объектилер оңдоп-түзөөдөн жана капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө. Жаздын камын кышта көр демекчи, суу чарба кызматкерлери суукка карабастан белгиленген жумуштарды жасап жатышат. 50 жыл мурун пайдаланууга берилген "Желтийбес" насостук бекетинде капиталдык ремонт жасалууда.

“Желтийбес” насостук бекети ишке берилгенден тарта капиталдык ремонттон өткөн эмес. Утурумдук оңдоп-түзөө жумуштары жасалып келгени менен, ал жетишсиз болгон. Анткени жарым кылым кызмат кылган насостук станциянын негизги бөлүктөрү эскирип, жарактын чыгуу коркунучуна кептелген. Эгер авариялык учур суу берүү мезгилине туш келсе, дыйкандар үчүн чоң сокку болот. 

Насостук бекеттин суу түтүгү өткөн жылы жарылып, жогорку зонадагы “Желтийбес-2” насостук станциясына суу жеткирүүдө көйгөй жаралган. Темир куурлар эскирип, суунун басымына туруштук бербей калган. Жарактын чыгып калуу абалына келген 40 метрден катар коюлган 5 түтүк толугу менен жаңыланат.