Жаңылыктар
Өлкөдө ишкерлерди колдоо үчүн инвестициялык өнүктүрүү фонддору түзүлүүдө
Экономика
Өлкөдө ишкерлерди колдоо үчүн инвестициялык өнүктүрүү фонддору түзүлүүдө

Президент Садыр Жапаровдун чет мамлекеттерге болгон иш сапарларынын алкагында бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен экономикалык форумдар өтүп, кыргыз-венгер, кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонддору түзүлдү. Алдыда дагы башка республикалар менен ушундай эле каржы мекемелерин ачуу маселелери каралып жатат.

Пандемиядан жабыркаган ишкерликти жандантууга бардык аракеттер көрүлүүдө. Мисалы, кепилдик фонд 2 млрд сомго кошумча капиталдаштырылып, ишкерлерге 3 млн сомго чейин күрөөсүз насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Аталган мекеме 10 пайыздык чен менен насыяларды банктар аркылуу берип келди. 

Уставдык капиталы 72 млн сом менен башталып, азыр 6 жарым млрд сомдон ашкан фонд өзгөчө айыл чарба, курулуш материалдарын чыгарган ишканаларга жардам берди. Быйыл фонд кепилдикти эки эсе көбөйтүүнү пландап жатат.