Жаңылыктар
Кыргыз-кытай мамилелери. Кытай - Кыргызстандын эң приоритеттүү өнөктөштөрүнүн бири
Экономика
Кыргыз-кытай мамилелери. Кытай - Кыргызстандын эң приоритеттүү өнөктөштөрүнүн бири

Кытай - Кыргызстандын эң приоритеттүү өнөктөштөрүнүн бири. Эзелтеден бери эки өлкөнү Улуу Жибек Жолунун алкагындагы карым-катыш байланыштырып келген. Байыркы заманда эле негизделген эки элдин ортосундагы достук жана кошуналык байланыштар азыркы кездеги кыргыз-кытай мамилелеринин бекем пайдубалы болууда.

Бул радиатор чыгарган ири завод кытайлык инвесторлордун жардамы менен ачылганына эки жарым жыл болду. Өндүрүш 150 адамды жумуш менен камсыздайт. Жылытууга колдонула турган радиоторлор ушул тапта ЕАЭБ рыногуна экспортко чыгарылууда. «Бишкек» эркин экономикалык аймагында жайгашкан ишкана ушул тапта Борбор Азия боюнча ири ишканалардын катарын толуктайт.

Бүгүнкү күндө өлкөдө кытайлык инвесторлордун 400гө чукул ишканасы жана кыргыз-кытай биргелешкен 200 дөй ишкана иштеп жатат. Ал эми Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү былтыр 4 миллиард сомго жакындап, мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир кыйла жогорулаган. Ошол эле учурда эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү былтыр 5 жарым млдр долларга жакындаган.