Жаңылыктар
Өзбекстандан жейрендер алынып келинип, Ысык-Көлдүн тескей жээгинде багылууда
Аймак
Өзбекстандан жейрендер алынып келинип, Ысык-Көлдүн тескей жээгинде багылууда

50 жыл мурда Тоң районунун тоо кыркаларын байырлап келген жейрендер аңчылыктын айынан жок болуп кетишкен. Ушул тапта аларды кайра көбөйтүү аракети көрүлүп жатат. Атайын келишим менен Өзбекстандан саналуу гана жейрендер алынып келинип, Ысык-Көлдүн тескей жээгинде багылууда

Табиятынан өтө сак, көздөрү курч жана сак кулак жейрендер, күн сайын чөп салып, жем берип жаткан Талапбек агага эми араң көнө башташты. Түздүү же дөбөлүү ачык мейкиндикте байырлаган жейрендер азырынча атайын корулган жайда багылууда. Бат эле колго көнгөн жаныбар жем, чөп бериле турган убакта өздөрү чуркап келишет. 

Жейрендер негизинен шагылдуу жана чополуу, өсүмдүктөрү сейрек келген чөлдөрдө тарагандыктан, азырынча Тоң районундагы жээкке жакын дал ушул жай ылайыктуу деп табылган. Өткөн кылымдын 30-чу жылдарына чейин Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, анын түштүк-батыш чөлдүү жерлери жана Ортотокой аймагында кездешчү дешет.